Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Быйыл 624 миң жаран Орусияга чыгып кеткен


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын Федералдык миграциялык кызматына таянып билдиргени боюнча, быйыл жыл башынан бери 624 миң кыргызстандык аталган өлкөгө чыгып кеткен. 11 айда 120 миңге жакын кыргызстандык жумушка орношуу уруксатын алган. Алардын ичинен атайын адистиги барлары 1,5 миңге жакын.

Кыргызстандык эмгек мигранттары негизинен Орусияда жана Казакстанда иштейт. Расмий маалымат боюнча, ушу тушта Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран бар. Бирок иш жүзүндө алардын саны миллионго чейин жетери айтылууда. Кыргызстанга чет жактан жарандар которгон каражаттын 98% Орусиядан келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG