Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Ток уурдагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда


Электр энергиясын уурдаган адамдарга карата жазаны күчөтүү боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди. Анын айтымында, тариф саясатын өзгөртүү боюнча иштер келерки жылдын жазында башталат. Алгач бул багытта программа иштелип чыгып, ал жер-жерлерде талкуудан өтүшү керек. Андан соң Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлат.

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркы иликтенген. Анда электр энергиясына тарифтер 1 сомдон бир аз ашкан күндө да, тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Баа кеминде 2 сомго жеткирилсе, кошумча 10 млрд. 400 млн. сом түшүп, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деп эсептелген. Электр энергиясы азыр калкка 70 тыйындан сатылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG