Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында топтолгондор тарай элек


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, чек арада Кыргызстан тарапта 50дөй, Тажикстан тарапта 100дөй адам турат. Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары өз талаптары аткарылмайынча Ворухка кеткен жолду ачпасын билдирүүдө. Бир аз мурдараак бул жерге аксайлыктар үч машина шагыл төгүп, жолду буушкан. Алар кыргызстандык жарандын чайканасына өрт койгондор табылсын деген талап коюп жатышат. Топтолгондор менен жолугуу үчүн Тажикстандын Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов, Исфара районунун акими, Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев жана Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков келишкен. Жолчиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта дагы сүйлөшүү жүрүүдө.

Жумабой Сангинов “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде Ак-Сайдагы кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү бүткөн соң кырдаал турукташып, чек арада жашаган адамдар үйлөрүнө тарап жатышат деп билдирген. Ал жакынкы сааттарда унаалар үчүн жолдор ачылаарын айткан болчу. “Азаттыктын” кабарчысы топтолгон адамдардын саны азайганын, бирок жолдун качан ачылары белгисиз экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG