Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Бишкектен Ошко арзан авиакаттам ачылат


Бишкек – Ош учуу картасы.
Бишкек – Ош учуу картасы.
Өлкөнүн эки ири шаарын бириктирген эки кошумча күнүмдүк аба каттам 20-декардан тарта уча баштайт. Кошумча рейстерди "Пегасус" авиаишканасы аткарат. Жол кире баасы 980 сомдон. Бул тууралуу "Кыргыз Концепт" саякат агенттиги кабарлады.

Жаңы авиарейстер таңкы саат 05:25те жана кечки саат 20:00дө каттайт. Каттамдар Боинг–737 учагы менен аткарылат.

Учурда борбор шаардан түштүк калаасына жумасына 86 каттам учат. Бул сан жайкы аэронавигациялык мезгилге салыштырмалуу 37 рейске көп. Бишкек – Ош – Бишкек багытын алты авиаишкана тейлейт.

"Пегасустан" башка бул багытты "Эйр Кыргызстан", "Авиа Траффик Компани", "Скай Бишкек", "Эйр Бишкек" жана "Тез Жет" авиаишканалары тейлейт. (BAz)

XS
SM
MD
LG