Украинанын премьер-министри Микола Азаров Орусия менен түзүлгөн газ жана 15 миллиард долларлык насыя алуу боюнча келишимди "тарыхта калчу” деп атады. Анын айтымында, бул келишим өлкөдө экономикалык жана финансылык туруктуулуктун сакталышына жардам берет. Азаров шейшембидеги президент Виктор Януковичтин Москвага сапары учурундагы келишим болбосо Украина кыйынга абалга тушугуп, социалдык жарылуу болмок экенин эскертти.
Ал ортодо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украинаны Евробиримдиктен алыстатуу үчүн басым көрсөтүп жатат деген пикирлерди сындап чыкты.
Украин бийликтеринин Европа Биримдиги менен келишимге кол коюудан баш тартып, анын ордуна Орусия менен жакындашууну тандаганына каршы демонстрациялар төрт аптадан бери Киевде уланып жатат.