Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Баткен: Көк-Таштагы мектеп убактылуу жабылды

Кыргыз-тажик чегиндеги жол тосулган Ак-Сайга жакын Көк-Таш айылындагы мектеп балдардын коопсуздугу үчүн деп убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова билдирди. Көк-Таштагы мектепте 400дөн ашуун бала окуйт. Анда окуу кечээ түштөн кийин токтогон.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда тирешүү чыгып, натыйжада эки тараптан тең жол жабылган. Окуяга Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылууда. (КЕ/JsA)
XS
SM
MD
LG