Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

“Пирамида” орусиялык компанияга берилиши мүмкүн


Апрель окуясынан кийин улутташтырылган “Пирамида” телеканалы орусиялык компанияга убактылуу башкарууга берилиши мүмкүн. Өкмөт “Пирамида” башкарууга берилгени менен, анын 100 пайыз акциясы жана маалымат саясаты Кыргызстандын көзөмөлүндө боло турганын айтууда. Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздөө бөлүмүнүн эксперти Мелис Айдаркуловдун “Азаттыкка”
айтымында, менчик укугун Орусия тарапка өткөрүп берүү боюнча эч кандай маселе жок. Орусиялык компания инвестиция салып, телеканалды өнүктүрөт.

Быйыл жайында президент Алмазбек Атамбаев “Пирамида” медиахолдингинин базасында “Маданият. Тарых. Тил” телеканалын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон болчу. Анда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын, анын ичинде кыргыз тилин кеңири таанытып, өркүндөтүү боюнча берүүлөр даярдалары айтылган.

17-декабрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан соң кабыл алынган протоколдо “Пирамида” телекомпаниясы боюнча да сөз болгон. Анда кыргыз тарапка “Пирамида” телеканалын орусиялык “Мамлекеттер аралык өнүгүү корпорациясы” ачык акционердик коомуна башкарууга берүү жагын кароону эртелетүү сунушталган. Анын базасында заманбап телерадиоберүү холдинги түзүлөрү көрсөтүлгөн. Стратегиялык ишкана, компаниялардын Орусиянын башкаруусуна өтүшү Кыргызстанда түрдүү талкууланууда. (КЕ/ZB)

XS
SM
MD
LG