Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Токон Мамытов аксайлыктар менен жолукту


Бүгүн вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган күз түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолукту. Жолугушуу эки күндөн бери жабык турган кыргыз-тажик чегинде өттү. Анда Мамытов тажик тарап менен менен 7-январда чек араны тактоо боюнча жолугушуу болорун, аксайлыктар коюп жаткан маселе ошондой чечилерин билдирди. Бирок айыл тургундары Ак-Сай – Тамдык - Көк-Таш айланма жолунун курулушун баштоону талап кылып, чек арадагы жолду ачуудан баш тартты.

17-декабрда Ак-Сай айылындагы чек арадагы тирештен соң жабылган жол ачыла элек. Бул жерге кечээ жергиликтүү тургундар үч машина шагыл төккөн. Жол тоскондор 17-декабрда чайканага от койгондорду жоопко тартууну талап кылышууда. Алар айылдагы чайкананы коңшу Тажикстандын жарандары өрттөп кетти деп шектенип жатышат. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG