Баткенде Ак-Сай айылынын тургундары вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жолугушкандан кийин да талаптарын өзгөртпөй тургандыктарын айтышты. Эки күндөн бери кош тарабынан жолдор жабылып, өзүн изоляцияга алган айылга бүгүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов жетектеген бийлик өкүлдөрүнүн тобу барган. Аксайлыктар болсо Баткенге жетиш үчүн Тажикстандын айылын аралабай, аны айланып өтчү альтернативдүү жолдун курулушун талап кылып, ага чейин Ворухка жолду ачпай тургандыгын айтышты.
Жеңиш Айдаров – “Азаттыктын” кабарчысы: Андан кийин Токон Мамытов Тажикстандын Согди облусунун бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, аларга: “Качан гана уруксат берсеңер, биз жолку кура баштасак, ошондо жол ачылат, ага чейин биздин эл көнбөй жатат. Балким, башка варианттарды да карап көрөбүз, расмий Дүйшөмбү менен байланышып, бул боюнча жообуңарды эртең бергиле, анан маселе чечилет”, - деп айтты.
Ак-Сайда коңшулаш Тажикстандын жарандары менен чыр 17-декабрдын түнү аксайлык тургундун чайханасы өрттөлгөндөн кийин башталган. Айыл тургундары Ворухка кирчү жолго шагыл төгүп, жолду жаап салышкан. Тажикстандын Согди облусунун бийлиги менен кечээ өткөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. (JsA/TD)