Мындай кайрылууну кечээ бир нече саясий партия, бейөкмөт жана коомдук уюмдар таратты.
Анда жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу тууралуу жол картасын түзүүдө кыргыз өкмөтүнүн сунуштары кабыл алынбай калганына тынчсыздануусун билдирген. Бул уюмга кошулуу жарандардын кызыкчылыгына жооп бериши керектигин жана өлкөдөгү стабилдүүлүккө таасирин тийгизбеши керектигин эскерткен. Мындан улам кыргыз өкмөтүнөн Бажы биримдигине кирүү жараянын токтото турууну суранган. Кайрылууга “Реформа” партиясы, “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы, Бишкек ишкердик клубу баштаган бир нече коомдук уюмдун өкүлдөрү кол койгон.
Бажы биримдигине учурда Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Кыргыз бийликтери бул уюмга кирүүгө даярдыгын билдирип, камданууга кошумча убакыт сураган. Өткөн аптада өкмөт өкүлдөрү Бажы биримдигине кошулуу боюнча түзүлгөн жол картасында Кыргызстандын сунуштары эске алынбай калганын билдирип, аны "кабылдоого болбой турган план" деп атаган.(BkA)