Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Ысык-Көлдө мал уурулукка каршы бир айлык жарыяланды


Мындай тапшырманы күч кызматкерлерине өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бергенин облустук бийликтин басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Тапшырмага ылайык, облустун айыл-кыштактарында иштеп жаткан милиция кызматкерлери бул жаатта тургундар менен тыгыз иш алып барууга милдеттүү.

Айрыкча, айыл өкмөттөрдөгү мал каттаган адистер, касапчылар жана колбаса цехинде иштеп жаткандар кай бир адамдан шектенсе, милицияга маалымат берүүгө тийиш экени тапшырмада айтылат.

Жыл башынан бери аймакта 279 баш мал жоголгон. Андан келтирилген чыгым 4 млн. 511 миң сомду түзөт. Уурдалган малдын 70 пайызга жакынын кой-эчки, 21 пайызын жылкы жана 14 пайызын бодо мал түзөт. (MK)

XS
SM
MD
LG