Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кочкор-Атадагы митингчилер бийликке кайрылуу жолдоду


Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын митингге чыккан кызматкерлери президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алгандан кийин тарап кетишти.

Кайрылуунун ээлери "Кыргызпетролиумкомпанини” “Кыргызмунайдын” карамагында калтырууну, ишканаларды бөлүү сунушу менен чыккан экономика министри Темир Сариевдин жана Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Айбек Осмоналиевдин кызматтан кетүүсүн, “Кыргызмунайга” карыз болгон башка мекеме-ишканалардагы 569 миллион сом карыз өндүрүлүп берилишин талап кылышты.

Наарызылык акциясы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын короосунда болду. Ага уюштуруучулардын айтымында, бир жарым миңдей, байкоочулардын эсебинде миңдей адам катышты. Митингчилер менен Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов жолугуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөдү.

“Кыргызмунайгаз” ишканасы “Кыргызпетролиумду” 2012-жылы сатып алган.

“Кыргызпетролиумду” өзүнчө ишкана кылуу демилгесин 25-ноябрда Экономика министрлиги көтөргөн. Министр Темир Сариев бул демилге “Кыргызмунайгазды” бөлүп-жаруу эмес, эки ишканадагы ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети экенин “Азаттыкка” билдирген. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG