Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

Путин Ходорковскийди түрмөдөн чыгаруу жардыгына кол койду


М.Ходорковский Москвадагы соттон кийин түрмөгө алып бара жатылган жерде тартылган сүрөт, 12-август, 2004-ж.
М.Ходорковский Москвадагы соттон кийин түрмөгө алып бара жатылган жерде тартылган сүрөт, 12-август, 2004-ж.
Орусиянын президенти Владимир Путин 10 жылдан бери түрмөдө жаткан ишкер Михаил Ходорковскийди кечирим менен түрмөдөн чыгаруу боюнча жардыкка бүгүн кол койду. Тийиштүү документ жөнүндө орус президенти кечээ жылдык маалымат жыйынынан кийин билдирип, муну ишкердин өзүнөн түшкөн сураныч каты менен негиздеген.

"Жакында эле ал мага ырайым сурап кат жазган. Ал 10 жылдан ашуун түрмөдө отурду, бул – олуттуу жаза. Азыр болсо апасы оорулуу экенин айтып, гуманитардык жагдайды эске алышымды сурады. Мен муну эске алыш керек деп эсептейм жана жакын арада Ходорковскийди түрмөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол коюлат", - деген эле кечээ Путин.

ЮКОСтун мурдагы башчысы, Орусияда учурунда эң бай адам деп саналган Ходорковский 2003-жылы камалган. 2005-жылы аны көз боёмочулук жана башка кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табышкан. 2010-жылы ага “арам акчаны легалдаштырган” деген экинчи айып боюнча өкүм чыгарылган.

XS
SM
MD
LG