Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Кадамжайдагы сурма комбинатында иш токтоду


Кадамжай сурма комбинатында убактылуу иш токтоду. Комбинат жетекчилиги чийки заттын жоктугуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын айтууда.

Ишкана кызматкери Абдурашит Төлөбаев “Азаттыкка” билдиргендей, жумушчуларга шейшемби күнү айлык акы берилип, белгисиз мөөнөткө ишкана жабылганы кабарланган.

Комбинат кызматкерлери 2 айдан бери айлык берилбегенине нааразылыгын билдирип келатышкан болчу. 17-декабрда аларга 2 айлык маяналары толук төлөндү.

Аталган комбинат 2005-жылы казакстандык «АТФ-Инвест» компаниясына сатылган. Быйылкы жылдын 1-ноябрына чейин 1415 тонна сурма өндүргөн. Ишканадагы 525 кызматкердин 95 пайызы жергиликтүүлөр. Калганы Казакстандан жана Өзбекстандан келип, уруксат кагазы менен иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG