Шамдагайлардын таймашы
Ошто кубик-рубикти ылдам чогултуу боюнча алгач ирет шаар чемпионаты болду. Аны эл аралык уюмдардын колдоосу менен Youth of Osh уюму YAF долбоорунун алкагында уюштурду. Чемпионатка үч жүздөй улан-кыз катышты. Мелдеш эки багытта, үйрөнчүктөр жана тажрыйбасы барлар арасында өткөрүлдү. Үйрөнчүктөр арасынан 7-класстын окуучусу Файзулла Кабулов биринчи орунду алды. Ал кубик-рубикти 38 секундада чогултту. Тажрыйбалуулар арасында 8-класстын окуучусу Талгат Кубатбек уулу 23 секундада жыйнап, чемпион аталды. 14-декабрь. (Эрнист Нурматов, Мирлан Токталиев).