Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Рахат Алиев оппозиционердин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелүүдө


Рахат Алиев
Рахат Алиев
Казакстанда президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев “оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өлтүрүлүшүнө катыштыгы болгон" деп шектелүүдө. Оппозиционер менен анын эки жардамчысынын өлүмү боюнча өкүмдү кайра кароо зарылчылыгы тууралуу кат Жогорку Сотко жиберилгенин бүгүн Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Рахат Алиевге каршы кылмыш ишин ачуу керектиги да айтылды.

Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу бүгүн баш прокурордун орун басары Андрей Кравченко менен АКШнын Казакстандагы элчиси Жон Ордвей айтып, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн текшерүүгө Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) адистери да көмөктөшкөнүн, ошондон кийин буга Рахат Алиевдин тийиштиги болгонун далилдеген маалымат табылганын айтышты.

Учурунда Казакстандын Австриядагы элчиси болуп турган Рахат Алиев 2007-жылдан бери чет өлкөлөрдө бозгунда жүрөт.

XS
SM
MD
LG