Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Кытай Жапониянын коргонуу чыгымын көбөйткөнүнө кабатыр


Кытайдын Коргоо министрлиги Жапониянын акыркы он жылда аскерий чыгымдарды алгачкы ирет көбөйтүп жатышын бүгүн Азия жана дүйнө үчүн кооптондурарлык көрүнүш деп атады.

Жапония алдыдагы беш жылда учактарды, кемелерди, сатып алуу үчүн аскерий чыгымдарын 2,6 пайызга көбөйтөрүн ушул аптада жарыялаган.

Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү белгилегендей, Бээжин Токио 17-декабрда жактырган коргонуу планына каршы. Кытайдын билдирүүсү тараптардын Чыгыш Кытай деңизиндеги тирешүүсү күчөгөн учурга туш келди.

Азиядагы эки коңшу өлкө аталган деңиздеги эл жашабаган аралдарды талашып жатат. Ал аралдарды Жапония көзөмөлдөгөнү менен Кытай да өзүнө таандык деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG