Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Turkvizyon-2013: “Чоро” мыкты деп табылды


Turkvizyon-2013 эл аралык ыр сынагына Кыргызстандын атынан катышкан “Чоро” тобу жетинчи орун алып, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен мыкты деп табылды. Сынак 22-декабрга оогон түнү Түркиянын Эскишехир шаарында болду.

Калыстар тобунун баалоосу менен азербайжандык Фарид Гасанов 1-орунга татыды. Беларус ырчысы Гюнеш экинчи, украиналык Фазиле Ибрагимова үчүнчү орунду ээледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан өнөрпозу сегизинчи, Өзбекстан ырчысы он биринчи орунду ээледи. Сынакка 24 мамлекет катышып, анын 12си финалга өткөн.

Turkvizyon-2013 сынагы «Эскишехир-2013» деп аталган Түрк дүйнөсүнүн маданий борборун колдоо агенттиги, ТүркСОЙ уюму, Анатолия университети жана ТМВ сыналгы каналынын колдоосу менен өттү. Ыр мелдеш Коомдук биринчи канал (КТРК) аркылуу кыргызстандыктарга түз көрсөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG