Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Киевдеги демонстранттар “Майдан” бирикмесин түзүштү


Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы европачыл демонстранттар. 22-декабрь, 2013-жыл.
Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы европачыл демонстранттар. 22-декабрь, 2013-жыл.
Элдик “Майдан” бирикмесин түзүү жөнүндөгү резолюция жекшемби күнкү митинг учурунда кабыл алынды. Парламенттеги оппозициячыл «Батькивщина» фракциясынын лидери Арсений Яценюктун билдиргенине караганда, жаңы саясий бирикме Украинадагы саясий тең салмакты калыбына келтирүү жана жаңы Конституцияны кабыл алуу максатын көздөйт.

Киевдин Көз карандысыздык аянтында уюштуруучулар «народное вече» деп атаган жыйын 21-ноябрда евроинтеграциянын жактоочулары нааразылык акцияларын баштагандан бери бешинчи ирет өттү.

Евроинтеграция жактоочулары украин өкмөтүнүн Еврошаркет менен Ассоциация келишимин түзүүнү токтотуу чечимине нааразылык билдиришүүдө. Алар Николай Азаровдун өкмөтү кызматтан кетишин жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшүн талап кылышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG