Мурунку лидер Хосни Мубарактын бийликтен кетүүсүн шарттаган козголоңду уюштуруучулар делген Ахмад Маэр, Ахмад Дума жана Мухаммед Адел ар бири үч жылга эркинен ажыратылды. Аларга жакында эле демонстранцияларды чектөө тууралуу мыйзамга каршы акцияны уюштурган деген айып тагылды. Бийлик аларды полицияга кол салды деп айыптоодо.