Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:43

Мигранттардын "кара тизмеси" такталууда


Орусияга кирүүгө тыюу салынган мигранттардын тизмеси боюнча тактоо уланууда. Бул тууралуу бүгүн Тышты иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Ирина Оролбаева билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын гана "кара тизмесинде" 40 миңге жакын кыргызстандык бар. Бирок орус өкмөтүндө мигранттарга тиешеси бар дагы сегиз мекеменин мындай тизмелеринде канча жаран экени азырынча так белгисиз.

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин билдиргенине караганда, азырынча Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмеси" "Манас" аэропортунда гана илинип турат. Жакында бул тизме темир жол вокзалына жана Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына да илинет.

Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы үчүн бул өлкөгө кирүү укугунан убактылуу ажырагандар атайын "кара тизмеге" илинүүдө. Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран эмгек мигранты болуп жүрөт. Бирок мигранттардын өзүлөрүнүн айтымында, алардын саны 1 миллиондон ашты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG