Европа комиссиясы Сербия боюнча улуттук программаны жактырды. Ага ылайык, өлкөгө реформа жүргүзүү үчүн 178 миллион евро бөлүнмөкчү. Евробиримдикке кошулуу жараянына жардам иретинде бөлүнгөн акча мамлекеттик башкаруу, транспорт, энергетика, айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба тармактарындагы өзгөртүүлөргө жумшалууга тийиш.
Биримдиктин кеңейүү маселелери боюнча өкүлү Штефан Фуле 2013-жыл Сербия үчүн тарыхый жыл болду. Себеби Брюссел Белград менен өлкөнүн шаркетке кирүү сүйлөшүүлөрүн баштады деп билдирди.
Өткөн аптада белгилүү болгондой, сүйлөшүүлөр биримдик Сербиянын Косово менен мамилелерин нормалдаштыруу чөйрөсүндөгү аракеттерине баасын бергенден кийин 21-январда улантылат.