АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) мурдагы консультанты Эдвард Сноуден Вашингтон тыңчылык саясатын кайра карап чыкканын, андыктан “миссиясынын өтөөсүнө чыкканын” билдирди. “Вашинтон посттун” сайтында жарык көргөн интервьюда ал жашыруун маалыматтарды америкалыктарга “башкаруу ыкмалары тууралуу ой-пикирлерин билдирүүгө шарт түзүү үчүн” шардана кылганын айтат.
Августта Сноуден Москвадан убактылуу башпаанек алган. Орус баш калаасындагы күндөрүн сүрөттөп, ал “жупуну” жашаганын, көпчүлүк убакытты интернетте өткөрөөрүн айтып берди. “Орусия өкмөт менен байланыштарым жок, алар менен кандайдыр бир макулдашуу түзгөн эмесмин”, - деди Сноуден.