Ушу сааттарда Москвада Евразиялык экономикалык кеңештин (ЕврАзЭШ) кезектеги отуруму өтүп жатат. Отурумга президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. Жыйындагы негизги маселелердин бири - Кыргызстан жана Армениянын евразиялык интеграциялык түзүмдөргө кирүүсү боюнча “жол картасын” кабыл алуу. Алгач Бажы биримдигине мүчө Орусия, Казакстан жана Беларустун президенттеринин өзүнчө жыйыны болуп өттү. Орусия президенти Владимир Путиндин расмий сайтына жарыяланган билдирүүгө караганда, орус президенти Ереван менен Бишкекке алдын ала жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча “жол картасын” кабыл алууга чакырды. Анын айтымында, уюмдун кайсы бир мүчөлөрүнө жеңилдик берүү мүмкүн эмес.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары сакталганда гана кирээрин билдирген эле. Бул үчүн кыргыз өкмөтү айрым тармактар үчүн жеңилдиктерди суранаарын айткан. (BkA)