Ош шаардык кеңештин бүгүнкү сессиясы үзгүлтүккө учурады. Кабарчыбыздын айтымында, башкаруучу коалициядагы депутаттар өз катарындагы "Замандаш" партиясынын өкүлү Нурадил Жолдошевди колдоп, жыйындан чыгып кетишти.
Жолдошев 20-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен мандатынан ажыраган болчу. Бүгүн оппозиция анын сессияга катышуусу мыйзамсыз экенин айтып, залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Буга каршы болгон башкаруучу коалиция сессияны үзгүлтүккө учуратты.
Ош шаардык кеңешинде 45 орун бар. Анын 23ү башкаруучу коалицияга кирет. Курамында “Улуттар биримдиги” партиясынан 21, ЭДПКдан 1 жана "Замандаштан" 1 депутат бар. Ал эми оппозицияда КСДПдан 11, “Республикадан” 8, “Ата Мекенден” 1, “Адилеттүү Кыргызстандан” 2 өкүл бар.
"Замандаштын" өкүлү Нурадил Жолдошев партиянын позициясына баш ийбей, башкаруучу коалицияга кирип алган. Партия аны чакыртып алган. Шаардык шайлоо комиссиясы бул чечимди бекитип берген.
Жакында Ош шаарынын мэрин шайлоо өтөт. "Улуттар биримдиги" партиясы Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго таандык. (ErN/RK)