Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Апрель окуясы боюнча сот качан уланаары белгисиз


Мурдагы премьер-министр, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун адвокаты Виталий Остриков декабрь айынын башында бул иш менен толук кандуу тааныша албаганына жана издөөдөгү адамдын үстүнөн сот ишинин жүрүшү канчалык мыйзамдуу деген суроого жооп берүүсүн өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылган. Чечим чыкканга чейин сот отурумун токтото туруу зарыл деп апрель сотунда өтүнүч келтирген.

Апрель сотуна төрагалык кылган Дамир Оңолбеков 24-декабрда өтүнүчтү канааттандырып, соттук отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырды.

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариевдин "Азаттыкка" айтымында, судья Дамир Оңолбеков мыйзамдар Үсөновдун үстүнөн сот ишин жүргүзүүгө уруксат берээрин билип турса да, анын тактоо аракетине барганы мыйзамсыз.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында 90го жакын демонстранттын атылышы боюнча сот үч жылдан бери уланууда. (ZB)

XS
SM
MD
LG