Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Баш прокуратура Акаев жана Танаев боюнча Орусияга кайрылды


Кыргызстандын Баш прокуратурасы мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана мурдагы премьер-министр Николай Танаевдин кайда экенин аныктап берүүсүн өтүнүп Орусиянын күч түзүмдөрүнө кайрылды. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, ушундай эле кайрылуу Кумтөр боюнча "Камеко" компаниясы менен 2003-жылкы макулдашууну даярдаган эксперттик топтун мүчөсү Белковская айымга карата да жөнөтүлдү. Аталган адамдар Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес келишимди түзүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG