Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Атай Өмүрзаков Кытайда сыйлык алды


Кыргызстандык белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков Кытайда өткөн эл аралык сынакка катышып, сыйлык алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дамира Калыкова билдирүүдө. "Бүткүл элдик Оскар - 2013" сынагынын жыйынтыгы боюнча Атайга 100 миң юан (11 миң доллар) сыйлык тапшырылды. Анын «Wall-E» деп аталган робот бийинин видеосу кытайлык интернет колдонуучулар арасында эң популярдуу болууда. Буга чейин Атай Украина жана Чехияда өткөн ири сынактарда жеңүүчү аталган. Соңку эки жылдан бери ал Бишкекте жаш бийчилердин фестивалын уюштуруп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG