Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:23

“Улуу Кыргызстандын” депутаттары мандатын тапшырды


Чолпон-Ата шаарындагы “Улуу Кыргызстан” фракциясынын депутаттары мандатын тапшырышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын мурдагы лидери Мирлан Жукешов билдирди.

“Биз шаардык кеңешке келгиче шайланган депутаттар беш жыл бою башкаларга орун бошотпой отура берерин сындап келгенбиз. Мисалы, тизмедеги 120 адамдын алдыңкы 10-15и депутаттыкка өтсө, алар беш жыл отура беришет. Башкаларга кайсы бир убакыттан кийин орун бошотушпайт. Балким ошол 120-талапкер мыкты менеджер чыгып, көп маселени чечмектир? Ошондон улам бир жылдан кийин ордубузду башка партиялаштарга өткөрүп бердик. Бирок бул биздин иштей албаганыбызды билдирбейт. Биздин фракция шаардын турмушуна активдүү катышып, көп иштерди жасады”, - деди Жукешов.

“Улуу Кыргызстан” Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги 7 фракциянын бири. Курамында 4 депутат бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова “Азаттыкка” “Улуу Кыргызстандын” мандатын тапшырган мүчөлөрүнүн ордуна тизме боюнча кийинкилери келерин билдирди.

Ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары айлык албайт, кызматтык унаасы, кол тийбестик укугу жана андан башка жеңилдиктери жок. "Бирок алар мэрди шайлап, анын ишин, шаар бюджетин көзөмөлдөшөт", - деп кошумчалады Баатырова. (МТо)

XS
SM
MD
LG