Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:00

Волгоградда бомба чабуулунан 16 киши өлдү


Орусиянын Волгоград шаарынын темир жол вокзалында бомба жарылып, кеминде 16 адам өлдү. “Темир жол вокзалындагы жардыруудан 40тай адам жабыр тартты. Азыр ал жерде 33 тез жардам машинеси иштөөдө”, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Олег Салагай.

Орусиянын антитеррордук комитетинин маалымдашынча, бомбаны жанкечти жардырган. Жардырууну ким уюштурганы беймаалым. Бирок Чечен козголоңчуларынын ана башы Доку Умаров келерки жылы башталчу Сочи олимпиадасы кезде чабуул жасаганга үндөгөн.

Октябрда да Волгоградда жанкечти аял жүргүнчүлөрдү тартчу автобуста бомба жардырып, өзү менен кошо алты адамдын өмүрүнө зобун келтирген. Ондогон адамдар жарадар болгон.

Волгограддагы бомба чабуулу Сочи олимпиадасынын коопсуздугу кантип камсыздалат деген суроо туудурат.

XS
SM
MD
LG