Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Волгоградда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Орусиянын Волгоград шаарында террордук чабуулдардан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат ушундай экенин "Азаттыкка" "Замандаш" ассоциациясынан кабарлашты. Ассоциациянын маалымат катчысы Эркин Урманбетовдун айтымында, Волгоград шаарында 20-50 чакты гана кыргызстандык жашайт. Кечээтен бери алар бири-биринен кабар алып, байланышта болуп жатышат. Зарыл болбосо көчөгө чыкпай турууну чечишти.

Бүгүн эртең менен Волгоградда троллейбус жардырылып, он чакты киши мерт кетти. Кечээ темир жол вокзалындагы жардыруудан 17 киши каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG