Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Абдулла – абактын “эркесиби”?


Өзүн Кыргызстандагы өзбек жамаатынын өкүлү деп тааныштырган Абдулла Юсупов маалымат жыйында, Бишкек. 27-январь, 2011-жыл.
Өзүн Кыргызстандагы өзбек жамаатынын өкүлү деп тааныштырган Абдулла Юсупов маалымат жыйында, Бишкек. 27-январь, 2011-жыл.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов Жаза аткаруу кызматынын мурунку төрагасы Зарылбек Рысалиев менен түз байланышта болгон.

Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев болсо Юсуповго такай каттап турган. Бул тууралуу 30-декабрда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкерлеринин жолугушуусунда маалым болду.

Буга чейин аталган абакта жаткан дагы бир соттолуучу Раушан Рыкунова “түрмөдө Юсупов өз билгенин кылат” деп кайрылуу жасаган эле. Рысалиев өзү болсо азырынча комментарий бере элек.

“Атамекенчи” депутаттар менен №1 тергөө абагынын кызматкерлеринин жолугушуусунда аталган түрмөдө тартылган чуулгандуу тасманын айрым жагдайлары белгилүү болду. Анда Юсупов абакта чогуу отурган Дастан Оморов, өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев жана башка эки адам менен бир камерада жайыл дасторкондо тамак жеп отурганы тартылган эле.

Рыскулбек Тыныбек уулу ошол кезде №1 тергөө абагында өмүр бою эркинен ажыратылгандардын ага инспектору болуп иштеп турган экен. Анын айтымында, жогоруда аты аталгандарды жолуктуруу тууралуу көрсөтмөнү Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев берген:

- Мага 7-августта Калыбек Качкыналиев буйрук берген. Мен “буйрутмаңызды, оозеки эмес, кагаз түрүндө бериңиз” десем, “жок, бере албайм, менин оозеки буюрутмам генерал Рысалиевдин кат түрүндөгү буюрутмасы деп эсептей бер, Улан Кожоевди Абдулла Юсупов, Дастан Оморов менен жолуктуруп кой, 8-август майрам, эч ким билбейт” деп айткан. Аларды жолуктурганым чын. Кийин өзүмдүн туура эмес кылганымды сезип, бул системадан өз эрким менен арыз жазып кеткем.

Абдулла - абактын "эркесиби"?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

Буга чейин дагы бир соттолуучу Раушан Рыкунова №1 СИЗОдогу кырдаал боюнча кайрылуу жарыялаган болчу. Анда Абдулла Юсупов тергөө абагында каалаганын кылаары айтылган. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев абакка келүүгө кайрылууда айтылгандарды териштирүү себеп болгонун белгиледи:

- Кээ бир соттолуучулар Рысалиев жана анын жардамчысы Качкыналиевге таянып, ошолордун оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде кожоюн болуп калган. Тартипти ошолор аныктайт, ошолор айткандай болот, жадагалса алар кадр саясатына да киришип, тигил же бул кызматкерлерди иштен кетиребиз деп коркутушат. Ошондуктан СИЗОдогулар өз начальнигин эмес, Качкыналиевди угуп калган. Ошол эле Юсуповго өзгөчө шарт түзүлгөн, сырттан тамак ташылып берилет, телефон колдонот деген айыптар коюулуп жатат.

Марс Жусупбеков
Марс Жусупбеков
№1 СИЗОнун мурунку жетекчиси Марс Жусупбеков Абдулла Юсуповго Калыбек Качкыналиев такай каттап турганын, соттолуучуга айрым шарттар түзүлүп берилгенин тастыктады:

- Калыбек Качкыналиев Юсуповго 80-90 жолу келген деген маалымат туура. Балким андан да көп жолу келиши мүмкүн, анткени дем алыш күндөрү да келип жаткан. Жок дегенде жарым саат, кээде 2-3 саат отуруп кетчү. Келгенде мага кирбестен, менин орун басарыма жолукчу. Мен башында аны киргизбей коеюн десем генерал Рысалиев чалып, жолуга берсин деп койду. Балдар ал майрам күнү, дем алыш күнү келсе деле Юсуповду, Оморовду жана башкаларын мыйзамсыз чыгарып берип турган.

Марс Жусупбековго бир ай мурун чуулгандуу видео боюнча кылмыш иши козголгон. Иш тергелип бүтүп, сотко өткөн. Атайын кызматтын абагына камалган Жусупбеков жакында үй камагына чыккан.

Юсуповго байланыштуу Калыбек Качкыналиевден да, Зарылбек Рысалиевден да комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Юсупов аралашкан компроматтар кармашы былтыр башталган. Анда Юсупов “атамекенчи” депутаттарды, апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча айыптап чыккан. “Атамекенчилер” болсо муну мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдон көрүп, "каралоо" деп аташкан эле.

XS
SM
MD
LG