Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Орусияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Троллейбус жарылган жер. Волгоград, 30-декабрь, 2013-жыл
Троллейбус жарылган жер. Волгоград, 30-декабрь, 2013-жыл

Орусиянын Волгоград шаарында эки күн катары менен болгон эки жардыруудан 30дан көп киши набыт болду. Президент Владимир Путин коопсуздук чараларын күчөтүү буйругун берди.

Расмий маалыматтарга караганда, Волгоград шаарында дүйшөмбү күнү эртең менен троллейбуста болгон жардыруудан бери дегенде 14 киши набыт кетти, 23төй киши жарадар болду.

Тергөөчүлөр жардырууну жанкечти ишке ашырган деп болжолдошууда.

- Эркек жанкечтинин денесинин калдыктары тек-жайын аныктоо үчүн генетикалык анализге жөнөтүлдү, -деди Орусиянын Тергөө комитетинин маалымат катчысы Владимир Маркин

Алдыңкы күнү болсо шаардын темир жол вокзалында болгон теракт 17 кишинин өмүрүн кыйган.

Маркиндин айтымында, жардыргыч заттардын анализи эки кол салуу тең бирге пландалган деп айтууга негиз берет.

Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок тергөөчүлөр Түндүк Кавказдагы исламчыл согушкерлерден шек санашат. Кабарларга караганда, баш калаа Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.

Бир нече жумадан кийин Сочи шаарында Кышкы Олимпиада башталат. Эл аралык Олимпиада комитетинин расмий өкүлү кол салуудан набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, Орусиянын бийлигинин оюндар маалында коопсуздукту камсыздоого кудурети жетет деп ишенерин кошумчалады.

“Тилекке каршы, терроризм – бул глобалдуу, кеңири жайылган феномен. Андыктан коопсуздукту камсыздоо Эл аралык комитеттин приоритети”, - делет Эл аралык Олимпиада комитетинин билдирүүсүндө.

Ал эми Орусиянын Олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков бардык керектүү чаралар көрүлгөнүн айтты:

- Сочидеги Олимпиадага карата бардык коопсуздук чаралар көрүлгөн. Волгограддагы теракттарга байланыштуу кошумча чаралар көрүлөт деп ойлобойм, себеби ансыз да коопсуздук күчөтүлгөн.

Волгоград Сочиден 700 километрдей алыс жайгашкан.

Ушуну менен быйыл бул шаарда 3 жардыруу болду. Октябрда автобуста болгон жардыруудан 7 жүргүнчү каза тапкан. Тергөөчүлөр аны Түндүк Кавказдагы исламчыл согушкерлердин тобуна кирген аял жанкечти ишке ашырган деген бүтүмгө келишкен.

Маалыматтарга ылайык, президент Владимир Путин Федералдык Коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников менен чукул жыйын өткөрдү. Мамлекет башчы өлкөнүн жер-жерлеринде, өзгөчө Волгоград чөлкөмүндө коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди.

Алгачкы маалыматтарда, темир жол вокзалында өзүн өзү жардырган жанкечти аял болчу деп айтылып келди. Бирок тергөө комитетинин өкүлү Маркин ал эркек киши болушу мүмкүн деп билдирди. Катуу жардыруудан жанкечтинин денеси таанылгыс болуп калган.

Июль айында чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаров Сочи Олимпиадасын үзгүлтүккө учуратуу үчүн аскердик эмес объекттерге каршы теракттарды ишке ашырууга үндөгөн.

БУУнун Коопсуздук кеңеши, АКШнын Мамлекеттик департаменти, НАТО жана Европа биримдиги жекшемби күнкү кол салууну катуу айыпташты.

Акыркы жолу мындай кандуу чабуул Орусияда 2011-жылдын январында болгон. Домодедово аэропортунда түндүк кавказдык жанкечтинин жардыруусунан 37 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG