Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, мектеп жайгашкан Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын жетекчилиги жаңы мектептин курулушун 2014-жылы баштамакчы. Учурда вагон-мектепке отун-көмүр жеткирилип, балдардын кышкы окуусуна толук шарт түзүлдү деп айтылат маалыматта.
Баткен облусундагы Ак-Турпак айылына караштуу Дүкөр жаңы конушунда 28 бала окуп жаткан вагон-мектеп коңшулаш Абдрахманов атындагы орто мектептин филиалы болуп саналат, анда аталган орто мектептин мугалимдери иштешет. Ал эми вагон-мектеп жайгашкан Дүкөр айылы 2010-жылы мыйзамсыз жер басып алуунун натыйжасында пайда болгон. Бүгүнкү күнү ал жерде 80ден ашуун үй-бүлө жашайт.(ZKo)