Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Бишкек: Тез жардам кызматы күнү-түнү күзөттө болот


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, жыл тогошор күнү Бишкекте тез жардам кызматы эл жапырт чогулуп майрамдоочу жерлерде күнү-түнү күзөттө болот. Ала-Тоо аянтындагы оюн-зоок маалында Аяз ата менен Аяз кызды коштоп жүрүшөт. Бул күнү жалпысынан отуздан ашуун тез жардам тобу ишке чыгат.

Бүгүн ошондой эле өлкөнүн башка аймактарындагы Тез жардам кызматтары да күзөттө болушат. Алардан тышкары өрт өчүрүү кызматы жана тартип коргоо органдары да күчөтүлгөн тартипте иштейт. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө 29-декабрдан тарта киришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG