Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Кытайда аткаминерлер коомдук жайларда тамеки тарта албайт


Коммунисттик партиянын жана Кытай өкмөтүнүн жардыгы менен расмий адамдар мектеп, оорукана жана башка социалдык обьекттерде, унааларда жана коомдук жайларда тамеки тарта алышпайт. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жана партия кеңселеринде тамеки сатууга жана аны жарнамалоого да тыюу салынды.
Бийликтин тамеки тартууга каршы түрдүү аракеттерине карабай, Кытайда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган жалпы улуттук мыйзам кабыл алына элек. 2011-жылы өлкөнүн саламаттыкты сактоо миинстрлиги мейманканаларда жана ресторандарда тамеки тартууга тыюу салган токтом чыгарган. Бирок бул көбүнчө аткарылбай келет.

XS
SM
MD
LG