Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн таңда, саат 6:45те Кара-Суудан 8 чакырым түндүк-чыгышты көздөй, Ош жана Өзгөн шаарларынан 30 чакырым алыс аралыктагы чек ара аймагында күчү 2,5 балл болгон жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Кара-Суу шаарында 2 балл болуп сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG