Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Өкмөттө энергетикадагы абал талкууланды


Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев энергетика тармагындагы абал боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйында коңшу Казакстанда "Алма" жаңы подстанциясы иштей баштаганына байланыштуу Кыргызстандын түндүк аймагында электр системасына күч келип жатканы айтылды.

"Түндүкэлектр" ишканасынын маалыматы боюнча, соңку күндөрү айрым аймактарда электр энергиясына чектөөлөр киргизилди. 220 киловольттук "Быстровка - Западная" аба чубалгысынын жүктөлүшү көбөйгөнүнө байланыштуу Кемин, Чүй жана Токмокто электр жарыгы 2 сааттан өчүрүлүп жатты. (RK)

XS
SM
MD
LG