Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Израил дагы 26 палестинди абактан бошотту


Палестин автономиясында 26 палестиналыктын Израилдин абагынан чыгарылышы майрамдалууда. Алар адам өлтүрдү, террорчулук кылды деген айыптар менен узак мөөнөткө кесилип, түрмөдө отурушкан. Израил аларды АКШ колдогон тынчтык сүйлөшүүсүнө жаңы дем берүү максатында бошотту. Израил бардыгы 104 палестиналыкты төрт этап менен абактан чыгарат.

Автономиянын төрагасы Махмуд Аббас эркиндикке чыккандарды Батыш Иордандын Рамалла шаарында куттуктады:

- Бүгүн баарыбыз үчүн, биздин эл үчүн, биздин үй-бүлөлөр үчүн жана бүгүн эркин жашоого чыккан баатыр туткундарыбыз үчүн кубанычтуу күн. Алар түрмөдө да эркин болушкан.

Махмуд Аббас абактан бардык палестиналыктар бошотулмайын Израил менен тынчтык келишимине кол койбосун айтты. Палестиндердин чабуулунда өлгөн кээ бир израилдиктердин жакындары абактан бошотууга каршы чыгышты. АКШ Мамкатчысы ушу аптада Жакынкы Чыгышка барып, тынчтык сүйлөшүүсүнүн жаңы айлампасына катышмакчы.

XS
SM
MD
LG