Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Путин: Терроризм 2013-жылдагы эң чоң проблема болду


Орусия президенти Владимир Путин Волгограддагы эки бомба чабуулуна байланыштуу террорчулуктун тамырын кыркууга чакырды. Ал Хабаровск шаарындагы кездешүүдө:"Өткөн жылы бизде Волгограддагыдай ырайымсыз террордук чабуул жана Ыраакы Чыгышта эбегейсиз чоң масштабдагы табигый кырсык өңдүү олуттуу проблемалар болду."

Путин террорчулар биротоло талкаланмайын, аларга каршы күрөш улантыла берерин да кошумчалады.

31-декабрда расмий маалымдалганга караганда, Волгоград шаарындагы темир жол вокзалында жана троллейбуста болгон жардырууда өлгөндөрдүн жалпы саны 34кө жетти. Шейшемби күнү бомба чабуулунда курман болгондордун биринчи тобу жайга берилди.

Орус бийликтери шаардагы коопсуздукка көз салуу үчүн 5200 полиция кызматкерин жана Ички иштер министрлигинин аскерлерин жайгаштырды. Волгограддын губернатору Сергей Боженовдун айтышынча, полицияга ыктыярчылар, ошондой эле казак орустары да жардамдашууда.

XS
SM
MD
LG