Иосиф Сталиндин Грузиянын чыгышындагы Телави шаарындагы эстелиги оодарылды. Эстеликти кулатуу полициянын көзөмөлү астында жүргүзүлдү. Шаардык бийликтердин маалымдашынча, Сталиндин айкели Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарынын эстелигинин жанына уруксатсыз тургузулган экен. Монумент 1-сентябрда тургузулгандан бери бир нече жолу боелуп маскараланган. Сталиндин эстелигин сталинисттердин бейөкмөттүк уюму менен Грузия ветерандарынын бирикмеси өз акчасына орноткон эле.