Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

"Anglo Asian mining" Кумтөрдү иштетүү сунушу менен кайрылды


Англияда катталган Anglo Asian mining компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштетүү сунушу менен кыргыз парламентине жана өкмөтүнө кайрылды. Компаниянын айтымында, кенди иштетүүдөгү кирешенин 70 пайызын Кыргызстан, 30 пайызын өздөрү алат, кыргызстандыктар башкаруучу органдардын негизин түзөт. Anglo Asian mining компаниясынын сайтындагы маалыматка таянсак, алтын жана жез өндүрүү менен алектенген бул ишкананын башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркин Алымбековдун "Азаттыкка" айтымында, азыркы инвестор, канадалык “Центерранын” ордуна келип, Кумтөрдү иштетүүнү каалаган компаниялар ондоп саналат. Бирок бул азыр негизги маселе эмес.

2009-жылдагы келишимдин негизинде, Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 33 пайыз. Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүгү аны 67 пайызга жеткирүүнү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну сунуштап келатат. Өкмөт мындай вариант азырынча мүмкүн эмес экенин айтып, үлүштү 50/50 кылууну сунуштоодо. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG