Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:45

Түштүк Суданда тынчтык сүйлөшүүлөрү өтөт


Түштүк Суданда тынчтык сүйлөшүүлөрү өтмөй болду. Өкмөт менен козголоңчулар ортосундагы сүйлөшүү Эфиопияда өтөт, бирок датасы азырынча аныктала элек. Эки аптадан бери бул өлкөдө эки уруунун - динка жана нуэрлердин куралчан тирешүүсү токтобой жатат. Кечээ стратегиялык маанидеги Бор шаарында айыгышкан кагылышуу болду. 

Эки апта мурда бийлик мурдагы вице-президент Риек Машардын тарапкерлерин мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деп айыптаган. Машар – нуэр элинин, президент Салва Киир – динка элинин өкүлү. Жарым ай ичинде миңге чукул киши кагылышуулардын курмандыгы болду. (RK)

 

XS
SM
MD
LG