Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30
Azattyk Twitter

Пакистан: Мушаррафтын жүрөгү кармап калды


Первез Мушарраф
Первез Мушарраф
Пакистанда экс-президент Первез Мушарраф бүгүн сотко бараткан жеринен жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылды. Буга чейин ал эки ирет коопсуздугунан чочулап, сотко келбей койгон. “Эгер бүгүн да атайын трибуналдагы угууга катышпай койсо, камалат” деп эскертилген болчу.

70 жаштагы генерал Мушарраф 2007-жылкы тополоң учурунда Конституцияны убактылуу иштен чыгарып, өзгөчө кырдаал киргизгени үчүн “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп күнөөлөнүүдө. Ал өзүнө каршы ачылган иштерди “саясий себептер менен” түшүндүрөт. Мурдагы президент 1999-2008-жылдар аралыгындагы башкаруусуна байланыштуу дагы башка кылмыштар үчүн да айыпталып жатат.

Бүгүн атайын трибуналдын жыйынына чейин Мушаррафтын үйүнөн тарта соттун имаратына чейинки эки чакырымдай жолду жүздөгөн полиция кызматкерлери катуу көзөмөлгө алып жаткан.
XS
SM
MD
LG