Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:12

Ариэл Шарондун абалы кескин начарлап кетти

Ариэл Шарон
Ариэл Шарон
Израилдин мурдагы премьер-министри Ариэл Шарондун абалы соңку күндөрү кескин начарлап кетти. Азыр дарыгерлер анын өмүрү коркунучта экенин эскертишүүдө.

Тел-Авивдин жанындагы ооруканада дээрлик сегиз жылдан бери комада жаткан экс-премьердин “бир нече маанилүү органы” иштен чыкканы айтылды.

Шарон израил өкмөтүн 2001-2006-жылдар аралыгында башкарган. 2006-жылы январда мээсине кан куюлуп комага түшкөн бойдон эсине келе элек.
XS
SM
MD
LG