Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ташкент - Балыкчы темир жол каттамын кайра ачуу каралууда


Ташкент - Балыкчы темир жол каттамын кайра ачуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты. Өткөн аптада Кыргызстан менен Өзбекстандын туристтик мекеме өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз тарап өлкөдөгү азыркы абал, туристтик базалар, таза абада эс алуунун түрлөрү тууралуу айтып берди. Ташкент жана Балыкчы шаарларынын ортосундагы мурда иштеп турган темир жол каттамын кайра ачуу тууралуу да сөз болду. (RK)

XS
SM
MD
LG