Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Бишкекте тубаса кемтик төрөлгөндөр көбөйүүдө


Бишкек шаарында ымыркайлардын тубаса кемтик менен төрөлгөн учурлары көп болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору Талант Өмүрбеков билдирди. Анын айтымында, айрыкча арткы чучугу бүтүк, жүлүнү сыртына чыгып калган, ички органдары сыртында болуп, баш мээси жагынан кемтик төрөлүп калгандар көп болууда. Мунун негизги себебин дарыгерлер түйүлдүккө ата-энесинин жыныстык жугуштуу оорулары аркылуу жуккан түрдүү инфекциялардан көрүүдө.

- Соңку 7-8 жылда кемтик болуп төрөлгөндөрдүн саны 30% өстү, - дейт Өмүрбеков.

Дарыгердин айтымында, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуунун бир гана жолу бар. Ата-эне балалуу болууну пландоонун алдынба бир сыйра медицинадык кароодон өтүп, жугуштуу ооруларынан арылышы керек. (JCh/RK)

XS
SM
MD
LG