Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Эфиопияда Түштүк Судандагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды


Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында касташкан эки тараптын өкүлдөрү үч аптадан бери уланып жаткан согушту токтотуу боюнча кеңешмеге чогулду. Ишемби күнү расмий сүйлөшүүлөр башталат.

Дипломатиялык аракеттерге карабастан, Түштүк Суданда бейшембиде кармаш уланды. Армиянын жетекчилиги өкмөттүк күчтөр Бор шаарына жакындап баратканын билдирди. Өткөн шейшембиде армия бул шаарды өкмөткө каршы куралдуу топторго алдырып жиберген.

Өлкөдө согушкерлер Бор шаарынан баш калаа Жубага жетип, өкмөттү кулатат деген кооптонуу күч. Жубада куралдуу кармаш декабрдын ортосунда башталган. Түштүк Судандын президенти Салва Киир мурдагы президент Риек Машарды мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенди деп айыптады.

XS
SM
MD
LG