Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Февралдан тарта дыйкандар жеңилдетилген насыя ала баштайт


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жума күнкү айыл чарбасын каржылоого байланышкан отурумда маалымдады. Өкмөт башчысы жеңилдетилген насыяларды берүү иштерине даярдык январдан тарта башталышы керектигин, быйылкы акча айыл чарбасындагы кайра иштетүү иштерине көбүрөөк берилээрин бышыктады.

Жантөрө Сатыбалдиев ошондой эле быйылкы каржылоо иштерине бир катар коммерциялык банктар да кызыкдар экенин ачыктады. 2014-жылы кеминде эле 4 миллард сом берилери маалым болду.

2013-жылы жеңилдетилген насыя аркылуу дыйкандар 3 миллиард 200 миллион сом алышкан. (SA)

XS
SM
MD
LG