Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Тыналиева мандатынан ажыратылды


Бишкек шаардык кеңешине “Республика” фракциясынан депутат Үмүткан Тыналиева мандатынан ажыратылганын Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссиясы мындай чечимди өткөн жылдын 30-декабрында кабыл алды. Эми анын мандаты “Республика” партиясынын тизмесинде турган Лейла Луровага берилмекчи.

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешине “Республика” партиясынан шайланган депутат Үмүткан Тыналиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну өтүнгөн кат жөнөткөн. Тыналиева 2012-жылдагы шаардык кеңештин шайлоосуна байланыштуу Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан "кылмыш жасоого аракет кылган" деген айып боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тыналиева 2012-жылдын 25-ноябрындагы шаардык кеңештин шайлоосунда добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн Бишкектеги эки мектептин жана бир бала бакчанын жетекчилерине 90 миң сом пара берген деп айыпталган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG